Бүгүн башкы прокурор Максат Асаналиевдин катышуусу менен Нарын облусунун прокуратурасынын, Нарын районунун прокуратурасынын жана Нарын шаарынын прокуратурасынын жаңы административдик имараттарынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.
Салтанаттуу аземге Нарын областынын прокурору А. Кубатидинов, КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Эргешов, Нарын облусунун прокуратура кызматкерлери, ардагерлери, ошондой эле, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.
Иш-чарада Башкы прокурор Максат Асаналиев прокуратура кызматкерлерине мамлекеттик укуктук тутумун чындоо, элдин ишенимин кайтаруу, өлкө аймагында мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткаруу талабын коюп, кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга, социалдык жактан коргоого көңүл бурулаарын билдирди.
Прокуратуранын жаңы административдик имараттарында кызматкерлер жана жарандар үчүн бардык шарттар түзүлүп, зарыл болгон заманбап жабдуулар менен камсыздалат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
