ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 4-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Ооганстандын Коргоо министрлиги өзүнүн жогорку даражалуу делегациясынын "Борбор-2026" аттуу Орусиянын стратегиялык командалык-штабдык аскердик машыгууларына катышаарын жарыялады.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, машыгуулардын практикалык бөлүгүнө оперативдүү-күжүрмөн даярдык бөлүмүнүн командири Маулави Насибулла жетектеген делегация катышты.
Ошондой эле, ооган тарап оор курал-жарактардын, учкучсуз учуучу аппараттардын, алыскы аралыкка учуучу ракета системаларынын, заманбап роботтук системалардын жана башка аскердик техникалардын көргөзмөлөрүнө барды.

Министрликтин маалыматы боюнча, ооган делегациясынын өкүлдөрү Кытай, Индия, Түндүк Корея, Вьетнам, Колумбия, Өзбекстан, Тажикстан жана башка бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу мамилелер, аскердик даярдык жана кесиптик билим берүү маселелерин талкуулашты.
Сүрөт: Ооганстандын Коргоо министрлиги
