Ошто 1 млн. еврого Кинологиялык борбор курулат
Кинологиялык борборго бир нече объекттер камтылат: кинологдор үчүн казарма жана окуу класстары, вольерлер, тоскоолдуктар тилкеси, ошондой эле кызматтык иттер үчүн төлдөө жана ветеринардык блоктор.
Мындан тышкары, жаңы Кинологиялык борбордо кызматтык иттер менен машыгуу жана практикалык сабактарды өтүү үчүн атайын жайлар курулат.
Жаңы имараттар эл аралык стандартка туура келет жана өзүнө 72 итти батырат.
Кинологиялык борбордун курулушунун долбоору 1 миллион еврого бааланган.
Источник: сайт https://caravan-info.kg/
