Ошто органикалык заттардан биогазды өндүрүү боюнча долбоор талкууланды
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Түштүк Кореянын SEJIN G&E CO., LTD башкармалыгынын өкүлү Ли Кын Ёнди кабыл алды.
Мэриядан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 15-октябрда өттү.
Анда коноктор Ош шаарындагы таштанды полигонунда органикалык заттардан биогазды, электр энергиясын өндүрүү долбоорун сунушташты.
Мэр Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорго колдоо көрсөтүлүп келгендигин билдирди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
