Ошто унаа уурдаган жаран кармалды. Анын атына 10 унаасы бар - ИА Караван Инфо
Ошто унаа уурдаган жаран кармалды. Анын атына 10 унаасы бар

2024-жылдын 14-апрель күнү болжол менен саат 4:00 чамасында Ош шаарынын тургуну, 1985-жылы туулган Н.А. аттуу жарандын  «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаасынын терезесин сындырып, ичиндеги капчыгы менен паспортун, айдоочулук күбөлүгүн жана ошондой эле банк карталары менен 10 000 (он миң) сом акчасын жана аялына тиешелүү болгон буюмдарын уурдап кеткен.

Бул  окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМдин КИББнын кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Жалал-Абад облусунун тургуну 2001-жылы туулган мурда уурулук кылмыштары боюнча бир нече жолу соттолгон А.М. аттуу жаран экендиги аныкталып, Бишкек шаарынын аймагында кармалган.

Мындан сырткары жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин негизинде кармалган шектүү тарабынан башка аймактарда дагы уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги териштирилип, азыркы учурда шектүү А.М. Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: