Оштун Ана-Кызыл айылында жаңы флагштокко мамлекеттик тууну көтөрүлдү - ИА Караван Инфо
Оштун Ана-Кызыл айылында жаңы флагштокко мамлекеттик тууну көтөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда, Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ош облусунун Ана-Кызыл айылындагы жаңы флагштокко мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү аземине катышты.

Бийиктиги 31 метр болгон жаңы флагшток “Койчу-Датка” мемориалдык комплексин көрктөндүрүү алкагында орнотулду. Эл көп жүргөн Ош-Бишкек автожолуна жакын жайгашкан комплекс аймактын маанилүү маданий жана тарыхый объектиси болуп саналат. Сырткы көрүнүшүн жакшыртуу жана жайлуу отуруу аянтын түзүү үчүн эстеликтин айланасына ийне жалбырактуу дарактар отургузулган.

“Койчу-Датка” мемориалдык эстелиги жергиликтүү тургундар үчүн сыймыктануунун жана тарыхый эс-тутумдун символу болуп саналат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: