УКМК Мамлекеттик кадастрдын Кара-Суу бөлүмүнүн директорун кармады - ИА Караван Инфо
УКМК Мамлекеттик кадастрдын Кара-Суу бөлүмүнүн директорун кармады

КР УКМК тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка (мурда Шарк) айыл аймагынын Ачы массивинде мамлекеттик актыларды мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Кара-Суу филиалынын директору Ж.Р.Б. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Аталган Ж.Р.Б. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызыкдар адамдар менен тил табышып, Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Ачы массивинин башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизгендиги жана жеке турак-жай куруу үчүн “Жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө” мамлекеттик актыларды мыйзамсыз бергендиги аныкталган. Негизинен аталган жерлердин категориясы алгач социалдык объекттерди жана айыл чарба багытындагы жерлерди курууга арналган.

Аны менен катар козголгон кылмыш иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын 11 кызматкери ээлеген кызматтарынан бошотулду.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: