Улуттук банк валюта рыногуна интервенция жасап, $54.5 млн сатты - ИА Караван Инфо
Улуттук банк валюта рыногуна интервенция жасап, $54.5 млн сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы күн мурун, 8-октябрда интервенция жасап, валюта рыногуна 54 млн 500 миң доллар сатты.

Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, бул сумманын 20 млн доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүү менен, ал эми 34,5 млн доллары бүтүм түзүлгөн датадан башка күнгө эсептешүү менен сатылган.

Эске сала кетсек, бул жыл башынан бери валюта рыногуна жасалган алтынчы интервенция. Жалпысынан $204 млн 450 миң сатылган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: