Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев грузиялык белгилүү сүрөтчү жана скульптор Тамара Квеситадзе менен жолугушту. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө облус башчысы Тамара Квеситадзе менен Жалал-Абад шаарында турситтердин кызыгуусун арттыруучу, жергиликтүү калктан маданий-эстетикалык борборун уюштуруу, ага кыргыз элинин улуттук баалуулуктары, аймактын өзгөчөлүктөрү камтылган скульптуралык чыгарма жаратуу үстүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Өкүл сүрөтчүнүн буга чейин жараткан эмгектери менен тааныш экенин айтып, Жалал-Абад шаарына жасалуучу скульпторалык чыгарма боюнча сунуштарын берди. Ага катар, калаа аймагында аны орнотууга пландаштырылган бир катар объекттерди көрсөттү.
Тамара Квеситадзе буга чейин дүйнөгө белгилүү бир катар скульптуралык чыгармаларды жараткан.
Мындан сырткары, Грузиянын Батуми шаарында орнотулган “Эркек жана аял” скульптурасынын автору.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
