Чүй электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы чубалгылар кызматынын электр куроочулары күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштерин 90 пайызга аяктады.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 287 чакырым жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, эскилиги жеткен жана жарактан чыккан 10687 даана изолятор алмаштырылды.
Мындан тышкары, 2081 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүштү.
Капиталдык оңдоо иштери боюнча 6,5 чакырым аба чубалгысын тартышты.
2023-жылы энергетиктер 12252 даана жарактан чыккан изоляторлорду алмаштырышкан.
Чүй электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы 2722 чакырым 35/110/220/500 кВ аба чубалгыларын тейлейт.
Аткарылып жаткан иштер Чүй облусунун жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.
