Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкекте “Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кырсыктардын коркунучун азайтуу” темасында V илимий-практикалык конференция өткөрдү.
Бул иш-чара өлкөбүздө жыл сайын белгиленип келген Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө жана “Климат жумалыгына” арналып, ага ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев, министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, КР өзгөчө кырдаалдардын жана табигый-техногендик кырсыктардын алдын алуу боюнча тыгыз кызматташтыкта иш алып барган ЕККУнун, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ПРООН) жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты, ошондой эле КР Президентинин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Д.Кемелова онланй катышты.
Генерал-майор Бообек Ажикеев бүгүнкү күндүн эң актуалдуу темасы – кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселесин талкуулоого катышкан бардык тараптарга ыраазычылык билдирип, бул көйгөйлөр учурдун болуп көрбөгөндөй курч жана дүйнөдөгү миллиондогон элдин жашоосун козгоп жаткан маселелерден экенин айтып өттү.
“Өзгөчө Кыргызстанда быйылкы 2024-жыл жаратылыш апааттары өтө көп санда катталган оор жыл болду, анын кесепетинен 22 адамдын өмүрү кыйылып, 2465 адамды эвакуацияладык. 84 социалдык объектини жана 5354 турак жайды сел суулары каптап, ошондой эле 135 автоунаанын, 80 көпүрөнүн кыйроосуна алып келди. Мындан улам келтирилген материалдык чыгым 1,200 млрд сомдон ашты”, – деди министр.
Ал климаттык өзгөрүүгө жана кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту күчөтүү КР Министрлер кабинетинин маанилүү приоритеттеринин бири экенин баса белгиледи.
Сөзүнүн аягында Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жана болтурбоо аракеттерине колдоо көрсөтүп, биздин келечекти коргоп калууга ыкчам чара көрүү үчүн бирге кызматташкан эл аралык коомчулукка ыраазычылык айтып, мындан ары да экологияны коргоого багытталган пландарды жана долбоорлорду чогуу жүзөөгө ашырууга КР ӨКМи даяр экенин кошумчалап, бүгүнкү конференция мына ушул артыкчылыктарга түрткү боло аларына ишеним артты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
