Айсулуу Тыныбекова Күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти болуп шайланды - ИА Караван Инфо
Айсулуу Тыныбекова Күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти болуп шайланды

Айсулуу Тыныбекова Күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти болуп шайланды. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бүгүн федерациянын кезексиз жыйыны өтүп, ага федерациянын мүчөлөрү, Кыргызстандын күрөш боюнча Улуттук курама командасынын машыктыруучулары жана калыстар тобу катышты.

Кезексиз жыйынындын жыйынтыгы менен Айслуу Тыныбекова Күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти болуп шайланды.

Айсулуу Тыныбекова белгилегендей, ал азыр федерациянын түзүмүндө болуп, кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт. 

Эске салсак, Динара Исаева 2014-жылдан бери кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенттик кызматты аркалап келген.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: